Difference between revisions of "Категория:Жаңы макалалар"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(БИОГЕОХИМИЯ)
 
(7 intermediate revisions by the same user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''БИОГЕОХИМИЯ'''– биосферадагы хим. элементтердин тирүү организмдердин тиричилиги  м-н шартталган  миграциясын ж-а тирүү  организмдердин тоо тектердин ж-а минералдардын бузулушундагы ролун изилдөөчү  илим. Термин 1920орус окумуштуусу  В.И. Вернадский тарабынан киргизилген. Азыркы Б-нын негизги багыты экол. стехиометрия (негизги биогендик элементтердин  агымынын  тирүү организмдердин  популяциясы  аркылуу өз ара байланышы), элементтердин биол. алмашуусу ж-а биогендик миграциясы, Жердин геол. катмарынын  тирүү организмдердин  таасири м-н болгон эволюциясын изилдөөгөглобалдык ''биогеохимиялык циклдин'' өзгөрүшүн  прогноздоого   ж-а моделдөөгө  байланыштуу. Б-нын милдетипайдалуу кендердин калыптанышынааларды  табууда организдердин ж-а биол. процесстердин ролуаймакты биогехим. райондоштуруу, топурак, суу, тоют ж-а тамак азыктарында бул же тигил хим. элементтердин   жетишсиздигин ж-а ашыкчалыгын; биогеохим. циклга кишинин  тиричилигинин таасирин анализдөө   ж. бБ-лык изилдөөлөр негизинен өсүмдүктөрдүн  же кыртыштын курамындагы  белгилүү хим. элементти аныктоо жолу  м-н рулөда кендерин издөө, о. эле өсүмдүктүн, жаныбардын , адамдын  денесиндегикээ бир хим. элементтин ашыкча болушунан  келип чыккан оорулардын себебин билүү  үчүн  жүргүзүлөт. Ад.: Вернгадский В.И., Химимческое строение  биосферы Земли и её окружения, М., 1965.
'''БИОГАЗ -(''' ''био...''ж-а ''газ'') – микроорганизмдердин орг. заттарынын анаэробдук ажыроосунун  натыйжасында пайда болгон  газдардын аралашмасы.  О. эле, саздын   акпай турган   суусунун  астынан бөлүнгөн газ да  Б. деп   аталат. 1776-ж.   англ. окумуштуу  А. Вольт  саз газынан     метанды тапкан, ошондуктан Б. пайда болуу  процесси  метандык ачуу же метаногенез  деп аталат. Б. алгач Лондондо көчөнү   жарык кылуу үчүн  пайдаланылган.  
 
Б-дын курамынын 60-65% метан  ж-а 25-30% көмүртек   диоксиди, о. эле суутеккөмүртек  оксиди, азот, кычкылтек, күкүрттүү  суутектен турат.  Б-дын  күйүү жылуулугу  21-34 МДж\м<sup>3</sup>.  Метандын  ачуу  процессисубстраттардын (  целлюлоза, крахмал, белоктор ж.б-дын)   ээрүү ж-а деполимерленүү; субстраттардын төмөнкү молекулалуу май к-тасына  (ацетогенез)  ж-а эриткичтер–этанол,  пропанол, бутанол, ацетонго айлануусу (сольватогенез);  ацетат-иондун декарбоксилденүү ж-а көмүртек  диоксидинин   метанды пайда кылуу м-н   калыбына келүүсү  (метаногенез)     жүрөт. Ацетогенез   ж-а солватогенез  бактериялардын,  метаногенез архидеялардын жардамы м-н жүрөт. Ачуу   30-40<sup>0</sup>Сде  мезофилдик ж-а 50-70<sup>0</sup> Сде термофилдик микроорганзмдердин ассоциациясы    м-н  ишке ашырылат. Көмүртек субстарттарынын метанга айлануусу (конверсиясы) 30-35%ти түзөт. Ачуудан кийинки катуу калдык (8–10%) жакшы азот жер семирткичи катары пайдаланылат.Метантенк деп аталган  аппарат метандык ачууну ишке ашыратЭӊ жөнөкөй, 3-10 м<sup>3</sup>  көлөмдүү метантенк бетон чан деп аталат. Б. – альтернативдик, экологиялык жактан таза  болгондуктан   жылуулук электр станциясында, транспортто ж. б.;   о. эле хим. өнөр жайда  сырье катары пайдаланылат. (китептеги макала алмашат).

16:08, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку версиясы

БИОГАЗ -( био...ж-а газ) – микроорганизмдердин орг. заттарынын анаэробдук ажыроосунун  натыйжасында пайда болгон  газдардын аралашмасы.  О. эле, саздын   акпай турган   суусунун  астынан бөлүнгөн газ да  Б. деп   аталат. 1776-ж.   англ. окумуштуу  А. Вольт  саз газынан     метанды тапкан, ошондуктан Б. пайда болуу  процесси  метандык ачуу же метаногенез  деп аталат. Б. алгач Лондондо көчөнү   жарык кылуу үчүн  пайдаланылган.

Б-дын курамынын 60-65% метан  ж-а 25-30% көмүртек   диоксиди, о. эле суутек,  көмүртек  оксиди, азот, кычкылтек, күкүрттүү  суутектен турат.  Б-дын  күйүү жылуулугу  21-34 МДж\м3.  Метандын  ачуу  процесси:  субстраттардын (  целлюлоза, крахмал, белоктор ж.б-дын)   ээрүү ж-а деполимерленүү; субстраттардын төмөнкү молекулалуу май к-тасына  (ацетогенез)  ж-а эриткичтер–этанол,  пропанол, бутанол, ацетонго айлануусу (сольватогенез);  ацетат-иондун декарбоксилденүү ж-а көмүртек  диоксидинин   метанды пайда кылуу м-н   калыбына келүүсү  (метаногенез)     жүрөт. Ацетогенез   ж-а солватогенез  бактериялардын,  метаногенез архидеялардын жардамы м-н жүрөт. Ачуу   30-400Сде  мезофилдик ж-а 50-700 Сде термофилдик микроорганзмдердин ассоциациясы    м-н  ишке ашырылат. Көмүртек субстарттарынын метанга айлануусу (конверсиясы) 30-35%ти түзөт. Ачуудан кийинки катуу калдык (8–10%) жакшы азот жер семирткичи катары пайдаланылат.Метантенк деп аталган  аппарат метандык ачууну ишке ашырат.  Эӊ жөнөкөй, 3-10 м3  көлөмдүү метантенк бетон чан деп аталат. Б. – альтернативдик, экологиялык жактан таза  болгондуктан   жылуулук электр станциясында, транспортто ж. б.;   о. эле хим. өнөр жайда  сырье катары пайдаланылат. (китептеги макала алмашат).

"Жаңы макалалар" категориясындагы барактар

Бул категорияда жалпы 115, төмөнкү 115 барак бар.