КАКЕЕВ Аскар
КАКЕЕВ Аскар Чукутаевич (10. 12. 1935-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Кегети кыштагы) – коомдук ж-а мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993). КР УИАнын академиги (1993), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). 1958-жылы КМУну бүтүргөн. 1963–68-жылдарда Кыргыз ССР ИАда аспирантура бөлүмүнүн алдындагы философия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1965–84-жылдарда КАЧИ-

де кафедра башчысы, 1984– 88-жылдарда Кыргызстан КП БКда илим ж-а окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1989–92-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын философия ж-а укук таануу институтунун директору, 1992–93-жылдарда КР Президентинин аппаратынын жетекчиси-мамкатчысы, 1993–98-жылдарда КР билим берүү, илим ж-а маданият министри, 1998–2000-жылдарда КР президентинин кеңешчиси, 2000–05-жылдарда КУУнун ректору, 2005- жылдан КРСУда профессор, кафедра башчысы. 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 5 окуу китеп) автору. «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Манас ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Кыргызстандын коомдук ойлоосунун тарыхын изилдөөнүн жаңы багыттары. Б., 1991; Азыркы Кыргызстан: ачык коомго карай. Дж. Соростун философиясы жөнүндө. Б., 1994; Кыргызстандагы философиялык ойлор. Б., 1995; Ордо оюну – Кыргыз мамлекетинин модели, үлгүсү, тоолор философиясы. Б., 2001.