КЫРГЫЗСТАН КОММУНИСТТИК ПАРТИЯСЫ (ККП)
КЫРГЫЗСТАН КОММУНИСТТИК ПАРТИЯСЫ (ККП) – Советтер Союзунун Коммунисттик
партиясынын (КПСС) курамдык бөлүгү, Кырг-нда КПССтин жетекчилиги м-н анын көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз аткаруучу жалгыз саясий партия болгон. Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин Ош, Кызыл-Кыя, Сүлүктү ш-нда большевиктик парт. топтор, Кырг-ндын түндүгүндө парт. уюмдар уюшулган. Кыска мөөнөттүн ичинде түзүлгөн бул парт. топтор ж-а уюмдар рев-ялык кыймылдын күчөшүнө ж-а Совет бийлигин орнотууда ж-а чыңдоодо зор
өбөлгө болгон.
Кыргыз автономия облусунун пайда болушуна байланыштуу 1925-ж. партиянын обл. к-ти түзүлгөн. Ал калктын жашоо-тиричилигин жакшыртуу ж-а маданий деңгээлин көтөрүү,
сабатсыздыгын жоюу ж. б. маселелерди чечкен. Кадрларды даярдоо, жер-суу реформасын жүргүзүү, респ-ны электрлештирүү, ө. ж-н түзүү ж-а социалдык-экон. курууларды жүзөгө ашырууда зор салым кошкон. Кыска мөөнөттүн ичинде ондогон ө. ж. ишканалары курулуп, а. ч. азыктуулугу өнүккөн, маданий рев-я ишке ашкан. 1937-ж. обл. парт. к-т ККП болуп өзгөрүлүп, респ-нын экономикасын ж-а мад-тын өнүктүрүү маселелерин чечкен. Кыргыз элинин маданий мурастарына жетүүгө элге кенен жол ачылып, мед. тейлөө ж-а билим алуу өнүккөн. О. эле партия тарыхында 1930-жылдардын 2-жарымында Кырг-н ККПнин лидерлери, мамл. курулуштун демилгелүү катышуучулары (Д. Саадаев, Б. Исакеев, А. Орозбеков, Ю. Абдрахманов ж. б.) негизсиз репрессияга кабылып, кийин акталган. Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында ККПнин жетекчилиги астында ө. ж. мекемелери, респ-нын бардык эл чарбачылыгы согуштук жагдайга ыңгайлаштырылган. СССРдин Батыш аймактарынан Кырг-нга көчүрүлүп келинген з-ддордо согуштук куралдарды өндүрүүгө жетишти. Улуу Ата Мекендик согуш майданында 13 миңге жакын коммунисттер фашисттик баскынчылар м-н салгылашкан, бул респ-дагы партия мүчөлөрүнүн дээрлик жарымын түзгөн.
КПССтин XX съезди (1956-ж. февраль) партиянын турмушундагы өзгөчө окуя болгон, ал келечектеги коомду демократиялаштыруу курсун кабыл алып, парт. жетекчиликтеги коллегиялдуулукту калыбына келтирип, репрессияга кабылган жазыксыз адамдарды актап, мыйзамдуулукту сактоо чараларын белгилеген. ККП соңку жылдарда өлкөнүн экон. ж-а социалдык жактан өнүгүшүн камсыз кылды. Партиянын негизги күчү материалдык өндүрүш тармагына жумшалган, бул учурда партиянын мүчөлөрү 140 миңге жеткен. Тарыхтын ар кыл мезгилинде ККП БКны элге белгилүү болгон И. Раззаков, Т. Усубалиев, А. Масалиев өңдүү башчылар жетектеп келишти.
1985–91-ж. КПССтин айрым жетекчилеринин партияга каршы аракеттери ж. б. өлкөнүн саясий күчтөрүнүн түздөн-түз катышуусу аркылуу КПССти бийликтен четтетип, 1991-ж. август окуясы партиянын өзүн жоюп салууга түрткү болду. КРдин Жогорку Советинин чечими м-н ККП-нин ишмердигине тыюу салынды.
1992-ж. 20-июнда Кырг-н коммунисттеринин партиясы уюшулуп, 1992-ж. 17-сентябрда мамл. каттоодон өткөн. Өзүн мурунку ККПнин мураскери деп эсептейт. ККПнин негизги максаты –
социалдык-экон. өнүгүү багытында социализмдин жаңырган формасына өтүү ж-а жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыктарын тааныйт. Саясат ж-а идеология багытында
Кырг-нда укуктук мамлекетти курууну, көз карандысыздыкты ж-а эгемендүүлүктү камсыз кылууну көздөйт. Респ-нын бардык облустарында ж-а шаарларында ККПнин баштапкы уюмдары бар. КР ЖКга депутаттарды шайлоодо ККПдан талапкерлер көрсөтүлүп, депутат болуп шайланышат. Учурда коммунисттердин саны 10 миңден ашык. ККП БКнын жетекчиси – И. Масалиев. ККП м-н катар 1999-ж. каттоодон өткөн Коммунисттик партия да (жетекчиси К. Ажибекова) иштейт. Россия ж-а КМШга кирген башка өлкөлөрдүн КПлары м-н ККПнын тыгыз байланышы бар.
Ад.: История ВКП(б) / Под. ред. Ем. Ярославского. М.; Л., 1926–30. Т. 1–4; История Всесоюзной Коммунистической партии (большевиков). Краткий курс. [М.],1938; История КПСС. М., 1965–80. Т. 1–5.
И. Масалиев.