КЕГЕТИ (Чүй районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕГЕТИ – Чүй районундагы кыштак. Кегети айыл округуна караштуу. Кегети суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 22 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1816-жылы негизделген. Калкы 2604 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, дарыкана бар. Үйбүлөлүк врачтар тобу, айылдык ден соолук комитети, соода түйүндөрү иштейт. Кегетиде жазуучу Н. Байтемиров, академик А. Какеев туулган.