КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯ СОВЕТТИК СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ (КАССР)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯ СОВЕТТИК СОЦИАЛИСТТИК РЕСПУБЛИКАСЫ (КАССР) – мурдагы Кара Кыргыз (14. 10. 1924–25. 5. 1925), Кыргыз автономиялуу облусунун 1926-ж. 1-февралдан 1936-жылга чейинки аталышы. КАО жетекчилигинин кайрылуусу эске алынып, ББАК тарабынан Кыргыз АССРи (РСФСРдин курамында) болуп өзгөрүлгөн (к. Кыргыз Республикасы). Кыргыз АССРи түзүлгөндөн кийин БАКтын Президиумунун төрагалыгына А. Орозбеков, ЭКСтин төрагалыгына Ж. Абдырахманов шайланган.
Ад.: У истоков кыргызской национальной государственности. (Ред.: Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиев). Б., 1996; Кыргызская государственность в XX веке (Документы, история, комментарии) / Сост. А. Джуманалиев. Б., 2003.