ИСАКЕЕВ Баялы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич [1897, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Нарын) обулусу, Пишпек уезди (азыркы Кочкор району), Үкөк өрөөнү – 08. 11. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары)] – партиялык жана мамлекеттик ишмер; Кыргызстан­дын алгачкы Конституциясынын авторлору

жана улуттук мамлекет­ти негиздөөчү, ошондой эле «Ма­нас» эпосун орус тилине ко­торуунун алгачкы демил­гечилеринин бири. Нарын шаарындагы орус-жергиликтүү мектеп-­интернатын (1916), Ташкент­теги Орто Азия коммунист­тик университетин (1923), Москва­дагы ВКП(б) БКнын ал­дындагы партиялык мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–1920-жылдарда Кум-Бел-Арал жана Орто-Токой менчик почта бекеттеринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–1921-жылдарда Үчүкө (Кочкор) болуштугунун атка­руу комитетинин, 1921–23-жылдарда Нарын уезддик партия комитетинин, 1924–1925-жылдарда Түркстан АССР КП(б) Леп­си жана Каракол уезддик шааркомунун, 1926– 1927-жылдарда Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук комитетинин бөлүм башчысы, 1927–1928-жылдарда «Кызыл Кыр­гызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 1929-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчы­сы, 1929–1930-жылдарда Кыргыз АССР жер иштер комис­сары, 1930–1933-жылдарда ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн баш­чысы, 1933–1937-жылдарда Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 1937), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка жана анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР Совети­нин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-жылдарда улутчул-контрреволюциячыл топ­тун катышуучусу деген жалаа менен камалган жана атуу жазасына тартылып, 1957-жылы акталган. Бишкек шаарында эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө жана Кочкор районунун бир айылына ыйгарылган.

А. Түркмөнов.