КОНСТИТУЦИЯ
КОНСТИТУ́ЦИЯ (лат. constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. К. мамлекеттин ж-а коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын ж-а жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «К.» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында ж-а о. кылымдарда колдонулган, бирок мааниси ж-а формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук ж-а феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында К. өзгөчө документ катары пайда болгон. Алгачкы жазылган К. 1787-ж. АКШда кабыл алынган. К. жогорку юрид. күчкө ээ, кабыл алуунун ж-а өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби м-н мүнөздөлөт. К. адатта атайы түзүлгөн К-лык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү м-н кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы К. деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. К. мамлекеттин мыйзам чыгаруу ж-а укукту пайдалануу ишинин негизги юрид. базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамл. органдардын иш жүзүндөгү ишмердиги К-га шайкеш болууга тийиш. К-га шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган ж-а укук бузуучу (органдардын аракети) деп каралат. К. убактылуу ж-а туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу К. өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу ж-дөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу К. м-н алмашылат (ТАР, Польша, Альбания). Туруктуу К. кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла).
Ад.: Хабриева Т. Я., Чиркин В. Е. Теория современной конституции. М., 2007.
К. Байбосунов.