КОЧКОР РАЙОНУ
КОЧКОР РАЙОНУ – Нарын обл-ндагы адм.-айм.
бирдик. 1930-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Чүй, Ысык-Ата, түн.-батышынан ж-а батышынан Жумгал, түштүгүнөн Нарын, чыгышынан ж-а түн.-чыгышынан Тоң р-ндору м-н чектешет. Аянты 6,4 миң км2. Калкы 58,3 миң (2009). Райондун аймагында 11 айыл өкмөтү, 31 кыштак
бар. Борбору – Кочкор кыштагы.
Район Ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Көп бөлүгүн Кочкор өрөөнү ээлейт. Жери тоолуу. Түн. тарабында Кыргыз Ала-Тоосу (бийикт. 4000 мге
чейин), батышында Жумгал, түштүгүндө Соң- Көл, Боор-Албас тоолору, алардын арасында бийик тоолуу Кочкор, Кара-Кужур ж-а Соң-Көл
өрөөндөрү жатат. Кен байлыктардан таш туздун, нефелиндүү сиениттин (Сандык кени) ж-а табигый курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Январдын орт.
темп-расы –10°С, июлдуку 16,5°С (Кара-Кужурда январдыкы –12°С, июлдуку 16°С). Жылдык
жаан-чачыны Кочкор өрөөнүндө 190–200 мм, тоолордо ж-а Кара-Кужурда 400–500 мм. Ири
суулары: Кочкор, Жоон-Арык (куймалары: Сөөк, Каракол, Төлөк, Кара-Кужур). Ири көлү
– Соң-Көл; андан башка бир нече майда көл бар.
Райондун аймагында Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан. Жарым чөлдүү. Кочкор ж-а Кара-Кужур өрөөндөрүнө боз, тоолоруна күрөң топурак мүнөздүү. Өсүмдүктөрдөн чий, шыбак, эрмен, ак кылкан, каз таңдай, буудайык, шимүүр, бетеге, козу кулак, доңуз сырты, арча ж. б. басымдуу. Өрөөндөрдөгү суу жээктеринде саздуу шалбаа, айрым жерде тал токойлору кездешет. Аймагында Кочкор мамл. зоология заказниги бар (к. Кочкор өрөөнү, Кара-Кужур
өрөөнү).
Калкы көп улуттуу, негизинен кыргыз (98,0%), о. эле орус, өзбек, дуңган, уйгур ж. б. жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2ге 8 киши.
Райондо мал чарбасы өнүккөн. Негизги тар-

магы – уяң жүндүү кой асыроо, о. эле эт багытындагы уй чарбасы. Райондо 2002-ж. 265 фермердик, 668 дыйкан, 47 жамааттык чарбалар, Кочкор асыл-тукум кой өстүрүү з-ду, Соң-Көл
«Асыл мал» з-ду, «Теңдик» үрөнчүлүк, «Соң-Көл
балыгы» чарбалары иштеген. «Агрохим» АК 1980-ж. а. ч. бирикмеси катары түзүлүп (1995- жылдан АК), дыйкан чарбаларына жер айдоо, эгин себүү, жыйноо, жер семирткич чачуу ж. б. кызматтарды көрсөтөт. Райондо 172767 кой, эчки, 24871 уй (а. и. сааны 15,6 миң), 16573 жылкы болгон. А. ч-га жарактуу жери 480,6 миң га, а. и. 29,7 миң гасы айдоо, 448,2 миң гасы жайыт болгон. Дан эгиндери 15 миң га, тоют өсүмдүктөрү 11,7 миң га, картөшкө 2500 га, жашылча 450 га. «Чоң-Туз» туз шахтасы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамак-аш,
ө. ж. соода, ж. б. ишканалары бар. Райондун аймагы аркылуу Бишкек – Балыкчы – Нарын, Балыкчы – Кочкор – Чаек – Миң-Куш автомобиль жолдору өтөт.
Райондо № 15-кесиптик лицей (700 окуучу, 77 инженер-пед. кадр), 29 жалпы билим берүүчү (а. и. 27 орто, 2 башталгыч) мектепте 13 313 окуучу билим алып, 1120 мугалим эмгектенген. Он беш мектепте компьютер класстары, 6 мектепте 5 гимназия, 1 лицей класстары, 6 бала бакча (анда 265 бала тарбияланат) бар. Спорт (536 окуучу), муз., жатак, менчик мектептер, 28 китепкана, 11 мад-т үйү, 9 клуб, борб. райондук, 5 участкалык оорукана, 9 диспансер,
17 ФАП, санитария-эпидемиол. станция, 14 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт (2001). Райондук «Эмгек Туусу» гезити чыгат. Кочкор кышнда тарыхый-жер таануу музейи бар. Райондун аймагында Кочкор шаар чалдыбары, Туура-Суу коргону ж-а оймо-чиймелери, Алтын-Булак аска бетиндеги сүрөттөр сакталган.