ДҮЙШЕЕВ Арстанбек
ДҮЙШЕЕВ Арстанбек (16. 09. 1932, СССР, Кыргыз АССРи, Фрунзе облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 30. 6. 2003, Бишкек) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1992); ветеринария илимдеринин кандидаты (1970). 1954-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Мамлекеттик Айыл Чарба институтун бүтүргөн. 1954–1957-жылдарда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң совхозунда башкы ветврач, 1957–1960-жылдарда Нарын облусундагы Жумгал районунун Жумгал совхозунда директор, 1960–1962-жылдарда Кыргызстан КП Совет райкомунун секретары, Кыргызстан КП БКда жооптуу уюштуруучу, 1962–1968-жылдарда Кыргызстан КП Өзгөн райкомунун 1-секретары, 1968–1971-жылдарда Кыргызстан КП БКда секретарь, 1971–1979-жылдарда Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун 1-секретары, 1979–1981-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун тө-

рагасынын орун басары, 1981–1986-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1986-жылдан Кыргызстан ветеринария илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. Ал 20дан ашык илимий эмгектердин автору. Илимий эмгектери малдын кан мителери пайда кылуучу ылаңдарына каршы иш-чараларды иштеп чыгууга багытталган. СССР Жогорку Советинин (3 жолку), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6 жолку) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели тургузулган.