КЕМИН РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИН РАЙОНУ – Чүй облусундагы административдик бир­дик. 1936-жылы уюшулган. Чоң Кемин, Кичи Ке-мин өрөөндөрүн, Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүн


ээлейт. Түндүгүнөн Казакстан, батышынан Чүй району, түштүгүнөн Нарын, түштүк-чыгышынан Ысык-Көл облусу м-н чектешет. Аймагы батыштан чы­гышка 170 кмге, түндүктөн түштүккө 13 кмге созулуп жатат. Аянты 3,5 миң км2. Калкы 51 миң (2022). Райондо 4 шаарча (Ак-Түз, Борду, Кемин, Орловка), 10 айыл округу, 33 кыштак бар. Борбору – Кемин (Быстровка) шаарчасы.
Райондун батышы түзөң (деңиз деңгээлинен 1000–1600 м бийикте), чыгышы тоолуу. Түштүк-батышында Окторкой тоосу, Байбиченин соорусу, Көк-Жар тоосу жайгашкан. Түндүк-чыгышында Кичи ж-а Чоң Кемин өрөөндөрү, Кемин тоосу (бийиктиги 3900 м чейин), Күнгөй Ала-Тоо (4770 м, Чоктал чокусу), Боом капчыгайы, түндүгүндө Иле Ала-Тоосу (Кемин чегиндеги эң бийик жери 4612 м, Ак-Кум чокусу) бар. Райондун чыгышы Кемин-Челек тоо тоомуна барып такалат. Кен байлыктары сейрек кездешүүчү металлдар: кор­гошун, цинк (Ак-Түз), алтын (Камоо-Төр, Тал­ды-Булак, Далпраң), висмут (Кара-Булак), аки­таш теги, мрамор, гранит ж. б. Климаты кон­тиненттик, кышы суугураак, жайы салкын. Ян­вардын орточо температурасы –5––10°С, июлдуку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 300 ммден (өрөөн­дөрдө) 600–700 ммге (тоолордо) чейин. Тоолуу бөлүгүндө бийиктеген сайын климаты өзгөрөт. Ири суулары: Чүй, Чоң Кемин, Кичи Кемин, Бейшеке, Кызыл-Суу ж. б. Райондун түндүгүнөн Чоң Чүй каналы башталат. Ири көлдөрү: Чоң Көл-Төр (узундугу 600–700 м, туурасы 400–500 м), Жаңы-Көл, Кош-Көл, Челек ж. б. Ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт: жарым чөлдүү кургак талаа (1200–1900 м), шалбаалуу талаа (1900–2100 м), токой, субальп (2600–3200 м), альп (3100–3900 м), гляциалдык-ни­валдык (3800 мден жогору) алкактары. Дыйкан­чылык зоналары негизинен ачык күрөң, күрөң, кара күрөң топурактуу. Токой 37,2 миң га аянт­ты ээлейт. Райондо Чоң Кемин улуттук жара­тылыш паркы уюшулган.
Калкынын көбү кыргыздар, андан тышкары орус, украин, казак, өзбек, дунган ж. б. 20дан ашуун улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 15 (облуста 38) киши туура келет. Калкынын 40,3%и (21,1 миң) шаардыктар, 59,7%ин (31,2 миң) элеттиктер түзөт. Эмгекке жарамдуу (35,2% же 18,7 миң адам) калктын 11,9 миңи айыл чарбасында, 6,6 миңи өнөр жайда иштейт.
Райондун чарбасынын негизги тармагы – айыл чарбасы. Негизинен мал чарбасына (уяң ж-а чала уяң жүндүү кой, сүт-эт багытындагы уй ж. б.) адистешкен. Жылкы чарбасы – мал чарбасынын кошумча тармагы. Райондо 10 ири­лештирилген айыл чарба кооперациясы, 34 бирикме дыйкан чарбалары, 1800 майда жеке дыйкан чар­балары бар. Райондо 12,1 миң уй (сааны 6,9 миң), 34,4 миң кой-эчки, 1,9 миң чочко, 6,3 миң

Кемин шаарчасы.

жылкы бар. Райондун айыл чарбагага жарактуу жери 205 миң га, анын 28,1 миң гасы айдоо жер, 6,2 миң гасы табигый чабынды, 173,6 миң га жайыт ж. б. Дан эгиндери (12 миң га), тоют өсүмдүктөрү (12,7 миң га), картөшкө (900 га) ж. б. эгилет. Кемин районунда 9 өнөр жай ишканасы бар. Алардын ирилери: Кыргыз тоо металлур­гия комбинаты, Кемин линолеум, акиташ заводдо­ру ж. б. Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы темир ж-а автомобиль жол­дору өтүп, Кемин, Жел-Арык, Кыз-Күйөө темир жол бекеттери иштейт.
Райондо 30 жалпы билим берүүчү орто мек­теп, 33 бала бакча, 2 кесиптик-техникалык окуу жайы, райондук борборлоштурулган китепкана, анын 30 филиалы, 22 клуб мекемелери, 6 оорукана ж-а 7 бейтапкана бар. Райондун айылдарында 6 базар (анын бирөө мал базар) иштейт. «Эмгек жарчысы» гезити чыгат. Райондун аймагында­гы Чоң Кемин өрөөнү, андагы Көк-Ойрок жайлоо­су, Боом ж. б. капчыгайлары кооз; туризм, ошондой эле альпинизмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар.

А. Мырзаев.