МАМЫТБЕКОВ Эсенгул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАМЫТБЕКОВ» барагын «МАМЫТБЕКОВ Эсенгул» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫТБЕКОВ Эсенгул (1941-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Туура-Суу айылы - 17. 7. 2000, Бишкек) - цирк артисти. Кыргыз ССР эл артисти (1979). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лау­реаты (1981). Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүткөн (1963), ошол эле жылы «Союзгосцирктин» кыргыз бөлүмүнө ар­тист болуп кирген. Е. Жаныбековдун «Жаш

Кыр­гызстан» номеринде машыккан, 1971-жылдан ал топтун жетекчиси болгон жана ал топ менен көптөгөн өлкөлөрдө гастролдо болгон. Э. Мамбетбеков - сууда сүзүү боюнча республиканын эки жолку чемпиону. Ме­далдар менен сыйланган.