МАМЫТБЕКОВ Эсенгул
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАМЫТБЕКОВ Эсенгул (1941-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Туура-Суу айылы - 17. 7. 2000, Бишкек) - цирк артисти. Кыргыз ССР эл артисти (1979). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981). Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүткөн (1963), ошол эле жылы «Союзгосцирктин» кыргыз бөлүмүнө артист болуп кирген. Е. Жаныбековдун «Жаш
Кыргызстан» номеринде машыккан, 1971-жылдан ал топтун жетекчиси болгон жана ал топ менен көптөгөн өлкөлөрдө гастролдо болгон. Э. Мамбетбеков - сууда сүзүү боюнча республиканын эки жолку чемпиону. Медалдар менен сыйланган.