МАМЫТБЕКОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАМЫТБЕКОВ Эсенгул (1941-жылы т„ Ысык-Көл обл., Тоңр-ну, Туура-Суу айылы - 17. 7. 2000, Бишкек) - цирк артисти. Кыргыз ССР эл арт. (1979). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы лауреаты (1981). КМДТИни бүткөн (1963), ошол эле жылы «Союзгосцирктин» кыргыз бөлүмүнө артист болуп кирген. Е. Жаныбековдун «Жаш Кыргызстан» номеринде машыккан, 1971-жылдан ал топтун жетекчиси болгон жана ал топ менен көптөгөн өлкөлөрдө гастролдо болгон. М. - сууда сүзүү боюнча респ-нын эки жолку чемпиону. Медалдар менен сыйланган.