АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек
АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек Юсупович [17. 08. 1953, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Ворошилов (азыркы Аламүдүн) району, Кара-Жыгач айылы] – мамлекеттик жана саясий ишмер, милициянын генерал-лейтенанты (2005), Кыргыз Республикасынын (КР) эмгек сиңирген юристи (2011). Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, «Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси» (2002), юридика илимдеринин кандидаты (1999). Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы В. И. Ленин атындагы заводдо токарь болуп иштөөдөн баштаган (1970–1971). Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) филология факультетин (1976), Москва шаарындагы СССР ИИМдин академиясын (1989) бүткөн. 1976–1983-жылдары комсомолдук кызматтарда, 1983–2001-жылдары КР ИИМдин системасында: Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында саясий бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары, начальниги, КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1-орун басары, 2001–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору, 2002–2006-жылдары КР Президентинин администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери бөлүмүнүн башчысы, 2002–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, 2005–2007-жылдары КР Президентинин администрация башчысы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1990–1991), 1991-, 2010–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (5–7-чакырылыштары) депутаты. 3-даражадагы «Манас» (2018), КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Шериктештик» ордендери жана медалдар менен сыйланган.