КАРА-ЖЫГАЧ (Аламүдүн районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫГАЧ – Чүй облусунун Аламүдүн районун­дагы кыштак. Кара-Жыгач айыл округуна ка­раштуу. Кыштакка 1958-жылы Бек-Тоо кыштагы кошулган. Деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 17 км түштүк тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 25 км. Кыштакты аралап Түштүк Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 6811 (2022); негизинен багбанчылыкта ж-а жүзүмчүлүктө эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, маданият үйү ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го, В. И. Ленинге эстелик тургузулган. Кыш­тактын чет жакасында Кара-Жыгач шаар чал­дыбары бар, балдардын эс алуу лагерлери жай­гашкан.