КЫРГЫЗ ССР ЖОГОРКУ СОВЕТИ
КЫРГЫЗ ССР ЖОГОРКУ СОВЕТИ – Кыргыз ССРинин мамл. бийлигинин жогорку органы. Ал 1937-ж. 23-мартта кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясынын негизинде түзүлгөн. Жалпы, тең, тике ж-а жашыруун шайлоо укугунун негизинде мыйзамда белгиленген тартипте 18 жашка чыккан респ-нын бардык жараны 5 жылдык мөөнөткө шайланган. К. ССР Ж. С. – мыйзам чыгаруучу бирден бир орган болгон. Мыйзам чыгаруу эки формада – түздөн түз ж-а Жогорку Советтин Президиумунун сессияларынын аралыгындагы жарлыктар аркылуу жүзөгө ашкан. Ал Кыргыз ССРинин өкмөтүн (1927- жылдан Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети, 1946-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Совети) түзүп, Кыргыз ССР Жогорку сотун, К. ССР Ж. С-нин Президиумун, анын төрагасы м-н 2 жардамчысын, Президиумдун секретарын ж-а 11 мүчөсүн шайлаган. Жогорку Советтин Президиуму сессия чакыруу, Кыргыз ССРинин мыйзамдарына түшүндүрмө берүү, буйрук чыгаруу, жалпы элдик референдум өткөрүү, мыйзамга туура келбеген Эл Комиссарлар (Министрлер) Советинин токтому же чечимин жокко чыгаруу, өкмөттү кызматка бекитүү же бошотуу, сыйлык, мунапыс берүү ж. б. укугуна ээ болгон. К. ССР Ж. С-нин сессияларын Президиум жылына эки жолу чакырган. Ар бир жаңы чакырылышынын 1-сессиясын депутаттардын эң улуусу ачып, депутаттардан К. ССР Ж. С-нин төрагасы, анын орун басарлары, туруктуу комиссиялары ж-а президиуму шайланган. Кыргыз ССРинин чукул чакырылган 5-съездинде (20–23-март, 1937) кабыл алынган жаңы Конституциянын негизине ылайык К. ССР Ж. С-нин 1-чакырылган 1-сессиясы 1938-ж. 18–20-июлда Фрунзе ш-нда өтүп, А. Толубаев төрагалыкка шайланган. 1990-ж. 15-декабрдагы «Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын системасын кайра уюштуруу жөнүндө» мыйзамга ж-а 1991-ж. 31-августта кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» Декларациянын негизинде 1993-ж. 5-майда КРдин жаңы Конституциясы иштелип чыгып, ага ылайык К. ССР Ж. С. Жогорку Кеңеш болуп өзгөрүлгөн.