МОДЕМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДЕМ [модулятор, демодулятор сөздөрүнөн кыскартылып (мод+дем) алынган] - компью­тер маалыматын аналогдук телефон байланы­шы боюнча жиберүүчү түзүлүш, башкача айтканда телефон менен компьютердин ортосундагы котормочу. М. жеке эле сандык сигналды аналогдук сигналга өзгөрт­пөстөн, тескерисинче, аналогдук сигналды сан­дык сигналга өзгөртө алат. Берилиштерди жи­берүүдө байланыш каналынын эки жагында тең (кабыл алуучу жана жиберүүчү) М. болушу за­рыл. Тышкы М. автономдуу түзүлүш, ал ком­пьютерди кабель аркылуу телефон линиясы менен туташтырып, бир компьютерден экинчиси­нё жеңил которулат. Ички М. компьютердин ичинде схемалык тактага же кеңейтүү орунуна орнотулат.