МОДЕМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МОДЕМ [модулятор, демодулятор сөздөрүнөн кыскартылып (мод+дем) алынган] - компьютер маалыматын аналогдук телефон байланышы боюнча жиберүүчү түзүлүш, башкача айтканда телефон менен компьютердин ортосундагы котормочу. М. жеке эле сандык сигналды аналогдук сигналга өзгөртпөстөн, тескерисинче, аналогдук сигналды сандык сигналга өзгөртө алат. Берилиштерди жиберүүдө байланыш каналынын эки жагында тең (кабыл алуучу жана жиберүүчү) М. болушу зарыл. Тышкы М. автономдуу түзүлүш, ал компьютерди кабель аркылуу телефон линиясы менен туташтырып, бир компьютерден экинчисинё жеңил которулат. Ички М. компьютердин ичинде схемалык тактага же кеңейтүү орунуна орнотулат.