МИХАЙЛОВКА (Түп р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИХАЙЛОВКА, С а р ы-К ө л - Ысык-Көл обл­нун Түп районундагы кыштак. Михайловка айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1683 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 12 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекети­нен 208 км. Кыштак 1907-жылы негизделген.

Кал­кы 1905 (2009); негизинен мал багат, дыйкан­чылыкта эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, төрөт үйү, дарыкана, маданият үйү, китепкана, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар.