МИХАЙЛОВКА (Түп р-ну)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МИХАЙЛОВКА, С а р ы-К ө л - Ысык-Көл облнун Түп районундагы кыштак. Михайловка айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1683 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 12 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 208 км. Кыштак 1907-жылы негизделген.
Калкы 1905 (2009); негизинен мал багат, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, төрөт үйү, дарыкана, маданият үйү, китепкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар.