МИКРОФОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРОФОН (микро... жана ...фон) — телефон аппараттарында, үн жазуу түзүлүштөрүндө, ра­дио уктуруу системаларында үн термелүүсүн электр термелүүсүнө өзгөртүүчү түзүлүш. Негиз­ги түрлөрү: көмүрлүү, электр динамикалык, электр-статикалык, пьезоэлектрдик, конденса­тордук М. Ал телефон жана магнитофон, үн жаз­дыруу жана кино тартуу, радиоуктуруу жана теле­көрсөтүү, радиобайланыш, ошондой эле ультраүндүү текшерүү жана өлчөө ж. б. көптөгөн түзүлүштөрдө колдонулат.