МИКРОФОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МИКРОФОН (микро... жана ...фон) — телефон аппараттарында, үн жазуу түзүлүштөрүндө, радио уктуруу системаларында үн термелүүсүн электр термелүүсүнө өзгөртүүчү түзүлүш. Негизги түрлөрү: көмүрлүү, электр динамикалык, электр-статикалык, пьезоэлектрдик, конденсатордук М. Ал телефон жана магнитофон, үн жаздыруу жана кино тартуу, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү, радиобайланыш, ошондой эле ультраүндүү текшерүү жана өлчөө ж. б. көптөгөн түзүлүштөрдө колдонулат.