МЕШ (түзүлүш)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
21:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕШ - материалды же тетикти жылуулук менен иштетүүчү же үй-жайды жылытуучу түзүлүш. Колдонуу тармагы боюнча ө. ж-лык жана тиричи­ликтик, арналышы боюнча эритүүчү, ысытуучу, күйгүзүүчү, кургатуучу, жылытуучу, кондитер­дик, нан бышыруучу ж. б. М-терге бөлүнөт. Ысытуунун түрү боюнча жалындуу (методикалык, эки ванналуу ж. б.) жана электр (жаа, индукция ж. б.) М. болуп айырмаланат; ысытуунун ата­йын түрү (плазма, электрон-нурлануу, оптика­лык) бар М. өзгөчө топту түзөт.