МЕШ (түзүлүш)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЕШ - материалды же тетикти жылуулук менен иштетүүчү же үй-жайды жылытуучу түзүлүш. Колдонуу тармагы боюнча ө. ж-лык жана тиричиликтик, арналышы боюнча эритүүчү, ысытуучу, күйгүзүүчү, кургатуучу, жылытуучу, кондитердик, нан бышыруучу ж. б. М-терге бөлүнөт. Ысытуунун түрү боюнча жалындуу (методикалык, эки ванналуу ж. б.) жана электр (жаа, индукция ж. б.) М. болуп айырмаланат; ысытуунун атайын түрү (плазма, электрон-нурлануу, оптикалык) бар М. өзгөчө топту түзөт.