МИКРОХИРУРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:09, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИКРОХИРУРГИЯ (микро... жана хирургия) - хи­рургиянын тармагы. Операция микроскоп ал­дында, атайын эң кичине аспаптар жана өтө ичке ийнелер менен жасалат. М. травмадан үзүлгөн кол, бут манжалары ж. б. кайра калыбына кел­тирүүдө, булчундарды тигүүдө, көчүрүп тигүүдө, четки нервдер жабыркаганда аларды алмашты­руу, көзгө, ортонку кулакка операция жасоодо ж. б-да колдонулат. Микрокан тамыр хирургия­сында М-лык техниканын жардамы менен жабыр­каган кол-бутту калыбына келтирет, артерия, вена жана нервдерди өтө ичке тигиш менен бирик­тирет.