МИКРОХИРУРГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МИКРОХИРУРГИЯ (микро... жана хирургия) - хирургиянын тармагы. Операция микроскоп алдында, атайын эң кичине аспаптар жана өтө ичке ийнелер менен жасалат. М. травмадан үзүлгөн кол, бут манжалары ж. б. кайра калыбына келтирүүдө, булчундарды тигүүдө, көчүрүп тигүүдө, четки нервдер жабыркаганда аларды алмаштыруу, көзгө, ортонку кулакка операция жасоодо ж. б-да колдонулат. Микрокан тамыр хирургиясында М-лык техниканын жардамы менен жабыркаган кол-бутту калыбына келтирет, артерия, вена жана нервдерди өтө ичке тигиш менен бириктирет.