МАРКОВ Андрей Андреевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКОВ Андрей Андреевич [2(14). 6 (1856), Ря­зань - 20. 7. 1922, Петроград] - орус математи­ги, 1878-жылы Петербург университетин бүтүргөн, 1880-жыл­дан Петербург университетинде профессор 1886-жылдан Пе­тербург ИАда академик. Математикалык анализде үзгүлтүксүз бөлчөктөр теориясы, интегралдардын пределдик маанилери, катарлардын жыйналуу­чулугун жакшыртуу маселелери, эң жакшы жакындаштыруу теориясы боюнча эмгектенген. Ыктымалдык теориясында пределдик теорема­ны далилдеген, марков процессин, эң кичине квадраттар методун негиздеген. Анын «Чектүү айырмаларды эсептөө» (1886) «Ыктымалдыктар­ды эсептөө» (1900) деген китептери математика илиминин өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.