МАРКОВ Андрей Андреевич
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАРКОВ Андрей Андреевич [2(14). 6 (1856), Рязань - 20. 7. 1922, Петроград] - орус математиги, 1878-жылы Петербург университетин бүтүргөн, 1880-жылдан Петербург университетинде профессор 1886-жылдан Петербург ИАда академик. Математикалык анализде үзгүлтүксүз бөлчөктөр теориясы, интегралдардын пределдик маанилери, катарлардын жыйналуучулугун жакшыртуу маселелери, эң жакшы жакындаштыруу теориясы боюнча эмгектенген. Ыктымалдык теориясында пределдик теореманы далилдеген, марков процессин, эң кичине квадраттар методун негиздеген. Анын «Чектүү айырмаларды эсептөө» (1886) «Ыктымалдыктарды эсептөө» (1900) деген китептери математика илиминин өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.