МАЙОЛИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙОЛИКА (Италиядагы Мальорка а-нын эски атынан) - кең мааниде - чоподон бышырылып жасалган түрдүү түстөгү глазурь жалатылган буюмдар. М. сүрөтүнүн көлөмдүүлүгү, боёгунун ачык, жалтырак жана бир-бирине өтө айкалы­шы менен өзгөчөлөнөт. М. Байыркы Чыгышта (Египет, Вавилония, Иран), о. кылымда Орто, Борбордук жана Алдынкы Азияда, ошондой эле Европанын айрым өлкөлөрүндө (Испания, Франция ж. б.) таралган. Россияда 17—18-к-да бул техника це­нина, цениналык иштер деген наамды алып жүргөн. М. өндүрүшүнүн гүлдөп-өнүгүшү Батыш Европада 16—17-к-га, Россияда 17-18-к-га таан­дык жана анын начарлашы фарфор менен фаянс­тын пайда болушуна байланыштуу.