МАЙОЛИКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАЙОЛИКА (Италиядагы Мальорка аралынын эски атынан) - кең мааниде - чоподон бышырылып жасалган түрдүү түстөгү глазурь жалатылган буюмдар. Майолика сүрөтүнүн көлөмдүүлүгү, боёгунун ачык, жалтырак жана бир-бирине өтө айкалышы менен өзгөчөлөнөт. Майолика Байыркы Чыгышта (Египет, Вавилония, Иран), орто кылымда Орто, Борбордук жана Алдыңкы Азияда, ошондой эле Европанын айрым өлкөлөрүндө (Испания, Франция жана башкалар) таралган. Россияда XVII-XVIII кылымдарда бул техника ценина, цениналык иштер деген наамды алып жүргөн. Майолика өндүрүшүнүн гүлдөп-өнүгүшү Батыш Европада XVI-XVII кылымдарга, Россияда XVII-XVIII кылымдарга таандык жана анын начарлашы фарфор менен фаянстын пайда болушуна байланыштуу.

