МАДЛЕН МУСКАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЛЕН МУСКАТЫ - жүзүм сорту. Кыргызстан дый­канчылык ИИИде чыгарылган. Шагы калың, сабагы анча бийик эмес, жалбырагы тегерек, гүлү кош жыныстуу. Шиңгили анча чоң эмес, мөмөлөрү тыгыз жайгашат. Мөмөсү тоголок, чоң, саргыч жашыл түстө, даамдуу, жыттуу. Уругу ири, бир мөмөдө Зтөн урук болот. Август­та бышат. Чүй өрөөнү менен Ош облусунда өстү­рүлөт.