МАДЛЕН МУСКАТЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАДЛЕН МУСКАТЫ - жүзүм сорту. Кыргызстан дыйканчылык ИИИде чыгарылган. Шагы калың, сабагы анча бийик эмес, жалбырагы тегерек, гүлү кош жыныстуу. Шиңгили анча чоң эмес, мөмөлөрү тыгыз жайгашат. Мөмөсү тоголок, чоң, саргыч жашыл түстө, даамдуу, жыттуу. Уругу ири, бир мөмөдө Зтөн урук болот. Августта бышат. Чүй өрөөнү менен Ош облусунда өстүрүлөт.