МАГИСТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГИСТР (латынча та£1н1ег - башчы, мугалим) - бакалаврдан кийинки жог. билимдин академиялык да­ражасы. Жогорку билимдүү, бакалавр даража­сы бар, магистратурдан кошумча окуу курсу­нан өткөн (1-2 жыл), атайын экзамендерди тап­шырган жана магистрдик диссертацияны корго­гон адамга берилет. М. даражасын алгандар ас­пирантурага тапшырууга же кесиптик иш­мердүүлүккө кирипгүүгө укуктуу. Байыркы Рим­де «магистр» деп мамлекеттик кызматкерлерди аташ­кан. Мисалы, «магистр навис» - кеменин капита­ны, кол башчы - «жортуул магистри». Байыр­кы Римде «калк мугалими» деген маанини бил­дирген «магистр попули» сөзү менен мамлекет баш­чысын аташкан. Соңку кылымдарда Батыш Ев­ропанын университеттеринде докторлуктан төмөнүрөөк окумуштуулук даража катары колдонула баш­таган. Дүйнөнүн көптөгөн университеттеринде бакалавр жана докторлук даражалардын ортосундагы да­ража болуп эсептелет.