«ЛУЗИТАНИЯ»
«ЛУЗИТАНИЯ» - америкалык жүргүнчүлөр кемеси. 1915-жылы 7-майда Ирландиянын түштүк-чыгыш жээгине жакын жерде немистердин суу астында сүзүүчү 11-2 кемеси тарабынан чөктүрүлгөн. Л-дагы 1959 жүргүнчүнүн 1198и (анын ичинде АКШнын 115 жараны) өлгөн. Л-нын долбоору 1902-жылы
АКШда түзүлүп, 1907-жылы курулган. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде Ливерпул менен Нью-Йорктун ортосунда каттаган. Немистик командачылык Л-да жүргүнчүлөрдөн тышкары, аскер жаракжабдыктары бар деп эсептеген. Англия өкмөтү Л-да аскер жарак-жабдыгы болгон эмес, кеме бейкүнөө жардырылган деп билдирген. «Л-нын» чөктүрүлүшү АКШны 1-дүйнөлүк согушка катышууга түрткөн.
