«ЛУЗИТАНИЯ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЛУЗИТАНИЯ» - америкалык жүргүнчүлөр кемеси. 1915-жылы 7-майда Ирландиянын түштүк-чыгыш жээгине жакын жерде немистердин суу астын­да сүзүүчү 11-2 кемеси тарабынан чөктүрүлгөн. Л-дагы 1959 жүргүнчүнүн 1198и (анын ичинде АКШнын 115 жараны) өлгөн. Л-нын долбоору 1902-жылы

«Лузитаниянын» чөктүрүлүшү.

АКШда түзүлүп, 1907-жылы курулган. 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде Ливерпул менен Нью-Йорктун ортосунда каттаган. Немистик командачылык Л-да жүргүнчүлөрдөн тышкары, аскер жарак­жабдыктары бар деп эсептеген. Англия өкмөтү Л-да аскер жарак-жабдыгы болгон эмес, кеме бейкүнөө жардырылган деп билдирген. «Л-нын» чөктүрүлүшү АКШны 1-дүйнөлүк согушка каты­шууга түрткөн.