ЛОГВИНЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГВИНЕНКО Яков Никифорович (23. 10. 1896, Полтава губ., Кобыян уезди, Морковка кыш. - 9. 4. 1933, Фрунзе) - Кыргызстанда совет бийлигин бекемдөөгө катышкандардан; туңгуч уюшулган Пишпек полкунун командири. 1933-жылы Ташкент­теги Орто Азия мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1915-жылы армияга чакырылып, 1-дүйнөлүк согушка ка-

Я. Н. Логвиненко­нун Бишкектеги эс­телиги.

тышкан. 1918-жылдан Пишпектеги Кызыл Гвардия отрядынын командири, 1920-жылы июн­дан Пишпек гарнизонунун начальниги, Жети­Суу округунун аскер комиссары болуп кызмат кылган. Жети-Суу фронтунда 1-Пишпек полкун жетектеп, ак гвардиячыларды жана Аксуу козго­лоңун басууга катышкан. Сөөгү Бишкек шаарында­гы Эмен багына коюлуп, борбордук көчөлөрдүн би­рине ысмы ыйгарылган.