ЛОГВИНЕНКО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛОГВИНЕНКО Яков Никифорович (23. 10. 1896, Полтава губ., Кобыян уезди, Морковка кыш. - 9. 4. 1933, Фрунзе) - Кыргызстанда совет бийлигин бекемдөөгө катышкандардан; туңгуч уюшулган Пишпек полкунун командири. 1933-жылы Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1915-жылы армияга чакырылып, 1-дүйнөлүк согушка ка-
тышкан. 1918-жылдан Пишпектеги Кызыл Гвардия отрядынын командири, 1920-жылы июндан Пишпек гарнизонунун начальниги, ЖетиСуу округунун аскер комиссары болуп кызмат кылган. Жети-Суу фронтунда 1-Пишпек полкун жетектеп, ак гвардиячыларды жана Аксуу козголоңун басууга катышкан. Сөөгү Бишкек шаарындагы Эмен багына коюлуп, борбордук көчөлөрдүн бирине ысмы ыйгарылган.
