МАКАКАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКАКАЛАР - тар таноолуу маймылдар уруу­су. Дене узундугу 40 - 75 см. Буттары кыска, күчтүү. Жүнү саргыч, айрымдарынын жонунда узата­сынан каралжын издери, башында «тумагы», бетинде бакенбарды, муруту, сакалы бар. Кула­гы жүнсүз, учтуу. 12 түрү (айрым маалымат боюнча 19, 20) Түштүк жана Чыгыш Азияда, Малайя архипелагынын Филиппин а-да, Түндүк Африка­да, Европада таралган. Жаандуу тропик жана тоолуу токойлордо, токойлуу мелүүн алкактар­да, аскалардагы бадал арасында жашайт. Бак­та жана жерде топтошуп жүрүшөт. Ылгабай азык­танат. 2-3 жашында жыныстык жактан же­тилет, баласын 180 күн көтөрүп тууйт. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.