МАКАКАЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАКАКАЛАР - тар таноолуу маймылдар уруусу. Дене узундугу 40 - 75 см. Буттары кыска, күчтүү. Жүнү саргыч, айрымдарынын жонунда узатасынан каралжын издери, башында «тумагы», бетинде бакенбарды, муруту, сакалы бар. Кулагы жүнсүз, учтуу. 12 түрү (айрым маалымат боюнча 19, 20) Түштүк жана Чыгыш Азияда, Малайя архипелагынын Филиппин а-да, Түндүк Африкада, Европада таралган. Жаандуу тропик жана тоолуу токойлордо, токойлуу мелүүн алкактарда, аскалардагы бадал арасында жашайт. Бакта жана жерде топтошуп жүрүшөт. Ылгабай азыктанат. 2-3 жашында жыныстык жактан жетилет, баласын 180 күн көтөрүп тууйт. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.