ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ (латынча 1шп1п1з - жарык жана -езсеп!- - начар аракет дегенди билдирүүчү суффикс) - нерсенин жылуулук нурлануусунан арбын болгон жана жарык толкунунун термелүү мезгилинен кыйла узак убакытка созулган жа­рык чыгаруусу. Л-нын нурлануусу көрүнгөн уль­тракызгылт көк жана инфракызыл диапазонун­да жатат. Л-нын жаратылышта байкалган ку­булуштарына - түндүк жаркыроосу, кээ бир курт­кумурсканын, минералдардын, дарактардын чирүүсүндөгү жаркыроосу мисал боло алат. Л. дүүлүгүү тибине, энергиянын айлануу механиз­мине, жаркыроо убактысына жараша класстар­га бөлүнөт. Дүүлүгүү түрүнө жараша фотолюми­несценция, радиолюминесценция, электр-люми­несценция, триболюминесценция, хемилюми­несценция болуп айырмаланат. Жаркыроо узак­тыгы боюнча флуоресценция (тез өчүүчү) жана фос­форесценция (узак Л.) болуп бөлүнөт. Элемен­тардык процесстердин механизми боюнча резо­нанстуу, спонтандуу, аргасыз рекомбинациялуу Л-га айырмаланат.