ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ
ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ (латынча 1шп1п1з - жарык жана -езсеп!- - начар аракет дегенди билдирүүчү суффикс) - нерсенин жылуулук нурлануусунан арбын болгон жана жарык толкунунун термелүү мезгилинен кыйла узак убакытка созулган жарык чыгаруусу. Л-нын нурлануусу көрүнгөн ультракызгылт көк жана инфракызыл диапазонунда жатат. Л-нын жаратылышта байкалган кубулуштарына - түндүк жаркыроосу, кээ бир курткумурсканын, минералдардын, дарактардын чирүүсүндөгү жаркыроосу мисал боло алат. Л. дүүлүгүү тибине, энергиянын айлануу механизмине, жаркыроо убактысына жараша класстарга бөлүнөт. Дүүлүгүү түрүнө жараша фотолюминесценция, радиолюминесценция, электр-люминесценция, триболюминесценция, хемилюминесценция болуп айырмаланат. Жаркыроо узактыгы боюнча флуоресценция (тез өчүүчү) жана фосфоресценция (узак Л.) болуп бөлүнөт. Элементардык процесстердин механизми боюнча резонанстуу, спонтандуу, аргасыз рекомбинациялуу Л-га айырмаланат.