ЛИРИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРИЗМ - жеке эмоцияларды, өзүнүн кабыл­доолорун түздөн-түз өзү берүүсү, автордун, каар­мандын, баяндоочунун, кейипкердин речин кө­төрүңкү эмоциялуулук менен айтып берүү. Мында сезим, көңүл, ашкере таасын көрсөтүлөт. Л. ли­рикалык текке гана таандык эмес, эпикалык чыгармаларда да, драмада да учурай берет. Мисалы, Ч. Айтматов «Жамийла» повестинде Жамийла менен Даниярдын август түнүндөгү бири-бирине сүйүү сезимдерин көрсөтүү үчүн баяндоочунун ли­рикалык көңүл жагдайларын көрсөтөт.