ЛИРИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИРИЗМ - жеке эмоцияларды, өзүнүн кабылдоолорун түздөн-түз өзү берүүсү, автордун, каармандын, баяндоочунун, кейипкердин речин көтөрүңкү эмоциялуулук менен айтып берүү. Мында сезим, көңүл, ашкере таасын көрсөтүлөт. Л. лирикалык текке гана таандык эмес, эпикалык чыгармаларда да, драмада да учурай берет. Мисалы, Ч. Айтматов «Жамийла» повестинде Жамийла менен Даниярдын август түнүндөгү бири-бирине сүйүү сезимдерин көрсөтүү үчүн баяндоочунун лирикалык көңүл жагдайларын көрсөтөт.