ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ЭРКИН СООДА АССО- ЦИАЦИЯСЫ —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ЭРКИН СООДА АССО­ЦИАЦИЯСЫ — Латын Америкасындагы айрым өлкөлөрдүн (Бразилия, Мексика, Аргентина ж. б.) региондук соода-экон. бирикмеси. Жети өлкөнүн (Аргентина, Бразилия, Мексика, Па­рагвай, Перу, Чили, Уругвай) Монтевидео ке­лишимине (1960) кол коюшу м-н түзүлгөн. 1980- жылкы Монтевидео келишими м-н Ассоциация­нын базасында Латын америкалык интеграция ассоциациясы түзүлгөн. Ассоциациянын негиз­ги максаты - региондук кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканын өсҮүсүнө өбөлгө түзүү, табигый ресурстарды пайдалануунун натыйжа­луулугун жогорулатуу болгон. Бул уюм түзүл­гөндөн баштап ички экон. кызматташтык мами­лелер өскөн. Жогорку башкаруу органы тыш­кы иштер б-ча министрлер кеңеши, ал эми атка­руу бийлиги катары туруктуу аткаруу к-ти

эсеп­телинген. Штаб-квартирасы Монтевидео ш-нда (Уругвай) турган.