ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ЭРКИН СООДА АССО- ЦИАЦИЯСЫ —
ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ЭРКИН СООДА АССОЦИАЦИЯСЫ — Латын Америкасындагы айрым өлкөлөрдүн (Бразилия, Мексика, Аргентина ж. б.) региондук соода-экон. бирикмеси. Жети өлкөнүн (Аргентина, Бразилия, Мексика, Парагвай, Перу, Чили, Уругвай) Монтевидео келишимине (1960) кол коюшу м-н түзүлгөн. 1980- жылкы Монтевидео келишими м-н Ассоциациянын базасында Латын америкалык интеграция ассоциациясы түзүлгөн. Ассоциациянын негизги максаты - региондук кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканын өсҮүсүнө өбөлгө түзүү, табигый ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болгон. Бул уюм түзүлгөндөн баштап ички экон. кызматташтык мамилелер өскөн. Жогорку башкаруу органы тышкы иштер б-ча министрлер кеңеши, ал эми аткаруу бийлиги катары туруктуу аткаруу к-ти
эсептелинген. Штаб-квартирасы Монтевидео ш-нда (Уругвай) турган.