КӨК ЖОРУ
КӨК ЖОРУ – жорулар тукумчасындагы куш.

Тумшугу узун, шынаа сымал. Кыргызстанда Теңир-Тоо, Памир, Алай тоо кыркаларында жолугат.
Көк жору отуруктуу куш. 1–2 жумуртка тууйт. Басып чыгарган балапаны 1 айча уяда болот. Ал жаныбарлардын тарпы м-н азыктанат. Бул түрдүн азайып кетиши жайлоолордогу жапайы ж-а үй жаныбарларынын азайышы м-н байланыштуу. 1968-жылдан коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.