КӨК ЖОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК ЖОРУ – жорулар тукумчасындагы куш.

Тумшугу узун, шынаа сымал. Кыргызстанда Теңир-Тоо, Памир, Алай тоо кыркаларында жолугат.
Көк жору отуруктуу куш. 1–2 жумуртка тууйт. Басып чыгарган балапаны 1 айча уяда болот. Ал жаныбар­лардын тарпы м-н азык­танат. Бул түрдүн азайып кетиши жайлоолордогу жапайы ж-а үй жаныбар­ларынын азайышы м-н байланыштуу. 1968-жылдан коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.