КОШТОШУУ ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШТОШУУ ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыг­лыктагы каада-салт ырларынын түрү. Темати­касы жагынан коштошуу ырлары ар түрдүү: белгилүү бир шартка ылайык өз жеринен мажбурлап көчүрүл­гөндө, өкүмү күчтүү жоодон туулуп-өскөн же­рин таштап качканда, элин, жерин коргоо үчүн казатка аттанган жоокерлер, ак жеринен сүргүн­гө айдалган акын Т. Сатылгановго («Кош элим», «Кош, апаке») окшогон ырчылар коштошуу ырларын жара­тышкан. Ошондой эле Улуу Ата мекендик согуш учу­рунда жоого аттанган кыргыз жоокерлери да коштошуу ырларын жараткан (мисалы, Ж. Бөкөнбаевдин «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» деген ыры ж. б.).


Ад.: Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1972; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.