КОШТОШУУ ЫРЛАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШТОШУУ ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыглыктагы каада-салт ырларынын түрү. Тематикасы жагынан коштошуу ырлары ар түрдүү: белгилүү бир шартка ылайык өз жеринен мажбурлап көчүрүлгөндө, өкүмү күчтүү жоодон туулуп-өскөн жерин таштап качканда, элин, жерин коргоо үчүн казатка аттанган жоокерлер, ак жеринен сүргүнгө айдалган акын Т. Сатылгановго («Кош элим», «Кош, апаке») окшогон ырчылар коштошуу ырларын жаратышкан. Ошондой эле Улуу Ата мекендик согуш учурунда жоого аттанган кыргыз жоокерлери да коштошуу ырларын жараткан (мисалы, Ж. Бөкөнбаевдин «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» деген ыры ж. б.).
Ад.: Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1972; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.