КОШОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОК – элдик оозеки чыгармачылыктагы каада­-салт ырларынын бир түрү. Дүйнөдөн өткөн адам­дын жакындары – аялы, кызы, карындашы, келини ж. б. тууган-туушкандары кошокту өзгөчө обон м-н ый аралаш айтышкан. Анда каза бол­гон адамдын кулк-мүнөзү, ишмердиги, адамкер­чилиги, башка асыл сапаттары билдирилген, ай­рым сатиралык мүнөздөгү кошоктордо маркумдун терс сапаттары да айтылган. Белгилүү кошок­чулар чоң кадыр-баркка ээ болушкан. Аларды атайылап алдырып, коштурушкан. Кошок Орхон- Енисей жазууларында, Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгүндө», эл­дик эпостордо учурайт. Кошоктун акындар тарабы­нан чыгарылган мыкты үлгүлөрү да бар (мисалы, Тоголок Молдонун «Дыйкандын аялынын ко­шогу», «Устанын аялынын кошогу»). Элдик салт боюнча кыз бергенде да кошушкан. Кошок азыркы учур­да прозалык, поэтикалык, драмалык чыгарма­ларда айрым турмуштук көрүнүштөрдү чагыл­дыруу, образды айкыныраак ачуу, тексттин маа­ни-маңызын тереңдетүү максатында колдонулат (мисалы, Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестинде, ошондой эле «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман-эне жөнүндөгү уламышта ж. б.).

Ад.: Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1972; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.